Англия өз ыктыяры менен вирусту жуктурганга 24 адам издеп жатат

Улуу Британиянын окумуштуулары коронавирусту өз ыктыяры менен жуктурууга даяр болгон адамдарга 3,5 миң доллар төлөп берет. Бул вакцина иштеп чыгууга керек экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, «Queen Mary BioEnterprises» аталышындагы инновациялык борбор изилдөө жүргүзүүгө 24 адам издеп жатат. Аларга анча күчтүү эмес вирустун штаммы (0C43 менен 229E) сайылып, 2 жумага карантинге алынат.

Акыркы маалыматтар боюнча, аталган өлкөдө вирусту 373 адам жуктурса, 6 адам каза болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru