Антальяда калып кеткен кыргыздар: “Бизди урушпай, алып кетиңиздерчи”

“Антальяга эс алууга барып,  кете албай жатабыз”- дегендердин арасынан атын атабоону өтүнгөн жаран “коом press” сайтына билдирди:

  «Биз өлкөдөн 12-мартта эс алууга Турцияга чыгып кеткенбиз. Ызы-чуу болуп жатат, билеттерди кайра өткөрөлү десек “Rixos tour” компаниясы баары жакшы кете бергиле деп жиберип ийишкен. Эми акчабыз да түгөнүп олтурабыз. Урушпай алып кетишсин деп өкмөткө кайрылабыз»-дейт алардын бири.

Эскерте кетсек, Египетте өлкөгө кире албай калган 300 жаранды бүгүн Кыргызстан учак жалдап, Казакстан аркылуу алып келди.  Ал эми “First Class” туристтик компаниясынын мүчөсү Валерия Боброва билдиргенине караганда Турцияда дагы 300 жараныбыз келе албай жатышат. Алар кошумча акча төлөбөйбүз, бизди өкмөт учак жалдап алып кетсин дешүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru