Антибиотиктер коронавирусту өлтүрбөйт

Коронавирус жуктуруп, дем алуу кыйындаган учурда антибиотиктер жардам бербейт. Бул туурасында орусиялык басылмалар адистердин пикирине таянуу менен жазган. Новосибирск университетинин биотехнология жана вирусология лабораториясынын жетекчиси Сергей Нетесовдун айтымында, антибиотиктер же, башкача айтканда, микробго каршы препараттар бактерияны гана өлтүрө алат. Вирустар организмде эмес, клетканын ичинде жашайт. Ошондуктан коронавируска каршы антибиотиктерди колдонуу пайдасыз.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дагы антибиотиктер бактерияларга каршы күрөшүүдө жардам берет, ал эми коронавирусту дарылоодо жана алдын алууда аталган каражаттар колдонулбайт. Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавирус менен күрөшүүгө атайын вакцина иштелип чыгууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru