Антонина Шевченкону Садыр Жапаров биринчилерден болуп куттуктады



Садыр Жапаров Кыргызстандагы саясатчылардын арасынан биринчи болуп Антонина Шевченконуну куттуктады. Бул тууралуу өз булактар билдиришти.

Маалыматка таянсак, президенттикке талапкер Садыр Жапаров спортчуга Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренада татыктуу катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жапаров ага бекем ден-соолук, спорттук узак өмүр жана жаңы жеңиштерди каалады.
Эске салсак, UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко 22 ноябрда Лас-Вегаста өткөн мелдеште мыкты кармаш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар бонус алат. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт UFC 255 мелдешинен кийинки маалымат жыйында билдирди.

Турнирде Антонина бразилиялык Ариана Липски менен кез келип, экинчи раундда мөөнөтүнөн мурда техникалык нокаут менен уткан. Пантера каймана атка конгон Антонина Шевченко экинчи бөлүктө атаандашын жерге жыгып, башына удаа-удаасы менен урган соккуларынын жыйынтыгында жеңишти камсыздаган.
Липски жерде жатып эч кандай каршылык көрсөтө албай калгандыктан калыс беттешти токтоткон.

Жеңиштен кийин UFC адистери Антонина промоушенде алгачкы ирет техникалык нокаут менен утканын, бул ирет ал грэпплинг ыкмасын мыкты колдонгонун белгилешкен.

Бул мелдештин башкы беттештеринин биринде Антонинанын бир тууганы Валентина Шевченко эң жеңил салмактын чемпиондук титулу үчун бразилиялык Женнифер Майяны утту. Муну менен ал чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.