народный

«Апам төрөбөгөн аялың менен жашайсың дейт» Уулдуу болгусу келген жигиттин арманы

Элдин апалары төрөбөгөн аялың менен жашайсың деп келиндерин кетиришет экен. Мен болсо тескерисинче төрөбөгөн аялым менен жашагым келбейт.  Өзүм ишкерликте жүрүп кеч үйлөндүм. Үйлөнгөнүмө 3 жылдан ашып баратса дагы келинчегимдин али боюнда жок. Апам болсо келинин аябай жакшы көрөт. Ушул гана аялың менен жашайсың, башкасынын кереги жок дейт. Менин болсо келинчегимди көрөйүн деген көзүм жок. Бекеринен кыргызда «төрөбөгөн аялдан улактуу эчки артык»-деп айтышпайт турбайбы. Досторумдун алдынын балдары мектепти бүткөнү калышты. Мен дагы элге окшоп, бала кучактап, уулдуу болгум келет. Апама эмне кылып түшүндүрөм билбей жүрөм.

 Алтынбек

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru