Апрель окуясына күнөөлөнүп, 25 жылга соттолгон Нурлан Темирбаев абактан чыгат

Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолгон  Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө бошотуу боюнча чечим чыгарды.  Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдирди.

 Эгерде соттун чечимине 10 күндүн ичинде даттанбаса жана күчүнө кирсе, Нурлан Темирбаев №27 колониядан эркиндикке чыгарылаары көрсөтүлгөн.

 Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 28 адам, анын ичинде качкын президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Данияр Үсөнов, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, анын эки орун басары – Данияр Дунганов жана Нурлан Темирбаев айыпталган.

 2016-жылы Жогорку Сот бул ишке чекит коюп, акыркы эки аскер кызматкерин 25 жылга эркинен ажыраткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru