Арап эмиратында никесиз жашоого жана ичимдик ичүүгө уруксат берилди

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги спирт ичимдигин ичкендиги, өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы жана никеден тышкары чогуу жашагандыгы үчүн жазаны алып салгандыгын РИА Новости жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен билдирди.

Ошентип, жеке статусу жана жарандык мамилелер жөнүндө мыйзамдардын жоболоруна жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү БАЭнин Президенти Халифа бин Зейд Аль Нахайян жактырды.

  Ошол эле учурда, аялдарды куугунтуктагандар үчүн жаза дагы катуураак болот.

    Чет элдик инвесторлордун каржылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында мураскорлордун эрежелери жаңыртылды. Мындан ары мурас, эгерде керээзде башкача белгиленбесе, маркумдун чыккан өлкөсүнүн протоколдоруна ылайык жүргүзүлөт. Жергиликтүү мыйзамдар БАЭдеги бардык мүлккө карата колдонулат. Нике жана ажырашуу шарттары күйөөсүнүн чыккан өлкөсүнө эмес, никеге турган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык сакталат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru