народный

Араван районунда ири өлчөмдөгү акча каражаты жана алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды.

2020-жылдын 17-август күнү арыз менен Араван районунуна караштуу С.Юсупова айыл аймагынын тургуну жеке ишкер 1978-ж.т С.Д кайрылган, себеби: 2020-жылдын 14-август күнү болжол менен саат 14:15 чамасында С.Юсупова айыл аймагынын жайгашкан дүкөнүнүн ичинде өзү колдонуп жүрчү кара түстөгү булгары кол сумкасынын ичиндеги 484 000 (төрт жуз сексен төрт миң) сом акчасын 35 000 (отуз беш мин) сомдук алтын зер буюмдарын белгисиз адамдар дал ошондой окшош кол сумка алып келип, турган жеринен алмаштырышып уурдап белгисиз тарапка изин суутуп качып кетишкен натыйжада Д.Султановага жалпысы 519 000 (беш жуз он тогуз мин) сом зыян көрсөтүлгөн. Аталган окуя Араван РИИБдин КЖБРне КР ЖК 200-бер негизинде Уурулук фактысы менен 2020-жылдын 17-август күнүнөн сотко чейинки өндүрүш иши катталган.
Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Араван РИИБдин өздүк курамы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүү катары Ош шаарынын тургуну 41-жаштагы Т.М кармалып, өндүрүштөгү сотко чейинки иш соттук кароого жиберилген.

Ош ОИИБдин басма сөз кыматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru