Араванда кыз зордуктоого шектелип, 15 жаштагы бала камакка алынды

 Ош облусунун Араван районунда 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасады деп айыпталган 15 жаштагы өспүрүм камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча 15 жаштагы баланын баш коргоо чарасын кечээ, 22-октябрь күнү Араван районундук соту карап, 1 айга камакта калтырылды.

21-октябрда Ош облусундагы Араван районунун тургуну (кыздын атасы) 9 жаштагы кызын ошол эле айылдын тургуну Х.И. үйүнө алып кирип, сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.Бирок кылмышка шектелип жаткан жарандын жашы жетелек экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган болчу.

Окуя Араван РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 162-беренесинин 4 – бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru