Араванда зордуктоо боюнча экспертиза үчүн акы талап кылган кызматкер кармалды

Араван районунда соттук-медициналык экспертизанын кызматкери мыйзамсыз сый акы алууга шектелип кармалды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Маалыматка караганда, 18-февраль күнү ички иштер органдарына Араван районунун тургуну (аял киши) кайрылган. Ал райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысынын укукка каршы аракеттери боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Арызында ал кызматкер жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча талап кылып жаткандыгы маалымдалган. Баштапкы 1100 сом акча каражатын алган соң, дагы 3000 сом кошумча акча берүүнү талап кылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин тергөө кызматы Жазык кодексинин 238-беренеси (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин кызматкерлери ал кызматкер акчаны накталай алып жатканын видеого тартып алышкан.

Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы К.С. өзүнүн таанышын жөнөткөн. Сый акыны мыйзамсыз алган соң ИИМдин кызматкерлери экөөнү тең колго түшүрүшкөн. Жогоруда аты аталган соттук-медициналык эксперт мурда дагы ушундай укукка каршы аракети үчүн жоопкерчиликке тартылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.