народный

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин көзү эмнеден көгөрдү? Видео

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына көзү көгөргөн абалда чыкты. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» телеканалына коронавирустун жаңы штаммы тууралуу интервью берип жатканда байкалган.  

Белгилей кетсек, аталган репортаж телеканалдын ютуб каналынан өчүрүлүп, кайра министрдин катышуусу жок жүктөлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берип, 17-декабрда «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун аймагында көчөттөрдү отургузуу учурунда Бейшеналиевге арча кулап түшкөнүн билдирди.

Ал өргүү алса болмок, бирок, анткен жок. Мындай оор учурда кызмат ордунда болгонду туура көрдү”, – дешти пресс-службадан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru