Ардагердин сүрөтү түшүрүлгөн стендге заара кылып, аны интернетке жарыялаган блогер кармалды-(ФОТО)

Сот ардагердин сүрөтү түшүрүлгөн стендге заара кылган москвалыкты камакка алды, деп билдирет Tengrinews.kz TJ сайтына шилтеме берүү менен.

Блогер 26-ноябрда кармалган. Ардагердин портрети түшүрүлгөн стендге заара кылып жаткан сүрөттөрүн ал Instagram баракчасына жайгаштырган. Ага массалык маалымат каражаттары жана телеграм каналдары көңүл буруп, азыр жигиттин аккаунту жабылды.

Кармалгандан кийин жигит кылган иши үчүн кечирим сураган. Ал 25-январга чейин камакта болот, деп билдирди Москванын прокуратурасы.

«Бул кылык-жорук ушунчалык адеп-ахлаксыз экенин билем. Өзүмөн өзүм жийиркенип жатам», – деди камактагы адам.

Жаш жигитке интернет аркылуу ачык жасалган Ата Мекенди коргоочулардын элесине мазактоо беренеси (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 354.1-беренесинин 4-бөлүгү) боюнча кылмыш иши козголгон. Эң жогорку жаза – беш жылга эркинен ажыратуу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru