народный

“Armani” брендинин Миландагы көргөзмөсү көрүүчүлөрсүз өттү

Коронавируска байланыштуу “Armani” брендинин Миландагы көргөзмөсү көрүүчүлөрсүз өттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Италиялык модельер Жоржо Арманинин жаңы коллекциясын коронавирустун Италияда кеңири жайылып жатканына жана акыркы ооругандар Милан шаарына жакын аймакта катталганына байланыштуу шоу көргөзмөсүн конокторсуз өткөрүүнү чечкен. Мода үйүнүн басма сөз кызматынан билдиргендей, модельер вирус жайылып, көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбасын деп ушундай чечимге келген. Ал эми бош залда өткөн көргөзмөдөн түз алып берүү кечээ, 23-февралда мода үйүнүн сайтында көрсөтүлгөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru