народный

Арменияда Пашинянды Карабахтагы согушту токтоткондугу үчүн чыккынчы деп атап, эл көтөрүлө баштады-(ВИДЕО)

Ереванда демонстранттар спикер Арарат Мирзоянды сабап салышты. Бул тууралуу “Sputnik Армения” билдирди.
Маалыматка караганда, Мирзоян митингчилердин курчоосунда турган унаанын ичинде отурган.
Улуттук Ассамблеянын төрагасынын күзөтчүлөрү менен болгон чакан мушташтан кийин, эл аны унаадан чыгарып, сабап башташты.
Мирзоянга бир нече аскер адамдары жардамга келишкен, андан кийин күзөтчүлөр спикерди унаага отургузуп кеткенге үлгүрүшкөн.
Демонстранттар унаанын жанынан кетпей, Мирзоянды каргап турушат.
Эске салсак, Армения жана Азербайжан Россия менен биргеликте 10-ноябрда саат 01: 00дөн баштап Тоолуу Карабахтагы согуштун аяктоосу боюнча билдирүүгө кол коюшкан.
Премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабакта согушту токтотуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин, бул чечимди өкмөттүн чыккынчылыгы катары кабыл алган эл өкмөттүн имаратынын алдына чогула баштады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru