Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду

Кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болду. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жайгаштырылды.

Арсалан Будажапов 79 килограммга чейинки салмакта финалда индиялык балбан Балиян Гоурав менен күч сынашып, 7:5 эсебинде жеңишти камсыздап, Азия чемпионатынын алтын байгесине ээ болду.

 Күмүш медаль Балиян Гоуравга ыйгарылса, коло байгелер ирандык Али Бахтияр Савадкоуши менен жапониялык балбан Шинкичи Окуиге буюрду. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Будажапов 22-февралда эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жалпы үч беттеш өткөрдү. Будажапов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгачкы беттешинде Галимжан Эсербаевди 4:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык балбан Али Бахтияр Савадкоушини 3:1 эсеби менен утту.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru