Арстан Алай: “Жапаровдун жеӊиши кыргызга кырсык-кыйынчылык, оору алып келет”

Мындай пикирин президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) жергиликтүү ЖМКларга билдирди.

“Мен Садыр Жапаровду жеңди деген жокмун. Анын президенттик шайлоодо жеңгенин кыргызга кырсык-кыйынчылык, оору алып келет дейм. Себеби мен шайлоодо акыркы болгонумду эми угуп олтурам. Буга мен нааразычылык көрсөтпөйм. Анткени мен ааламдан буюрган адаммын. Мен касиетим менен дүйнөнү чөгөлөтүп, өз милдетимди аткара берем. Бийликке барып кыргызды касиет күчүм менен кырсыктатпай куткарып кетем дегем. Бирок мен кыргыздын улуулугун ушунча жыл көкөлөтсөм, жылдап сабак өтсөм, кыргыздын чын эле деңгээли түшкөнүнө капамын. Түрмөдөн чыккан Садыр Жапаров көтөрүлүп, ааламдын адамы ылдый түшүп калганы бул адамдар үчүн адилетсиздик. Садыр ааламдан буюрулган эмес. Себеби анын касиет күчү жок. Ошондуктан мен жеңиш көргөн жокмун“, – дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.