Артем Новиков: «Салык органдары ишкерлерди тейлөө менен алектениши керек»

«Салык органдары ишкерлерди тейлөө менен алектениши керек»,- деди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бүгүн бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин отурумунда. Новиковдун айтымында, учурда 2021-жылга карата көчмө салыктык текшерүүлөргө тыюу салууну узартуу маселеси каралып жатат. Бул маселе бизнес менен биргеликте жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө таянып чечилет. «Ошондой эле, Салык кызматын иштөө принциби боюнча түзүмүн өзгөртүү боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап жатабыз. Мындан тышкары, «Торугарт» өткөрүү пунктунан жүктөрдү өткөрүү маселесин чечишибиз керек, – деп белгиледи Артем Новиков. Өз кезегинде Базарлар Ассоциациясынын башчысы Дамира Дөлөталиева «Торугартта» абал өтө оор экендигин белгиледи. Мурда күнүнө 300гө чейин унаа өтсө, азыр бештен ашпайт. Ал маселени тез арада чечүү керектигин белгиледи. «Эгерде жакынкы күндөрү маселе чечилбесе жана товарлар Кыргызстанга 20 күндүн ичинде кирбесе, анда төртүнчү сезон үзгүлтүккө учурайт. Биз салык жана насыяларды төлөй албайбыз », – деп баса белгиледи Дамира Дөлөталиева.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru