Артур Медетбеков генералдардын пенсиясын кыскартууну каалаган Жапаровго каяша айтты

Бул тууралуу  генерал-майор  “коом press” сайтына билдирди:

«Акылбек Жапаров генералдардын пенсиясынын көлөмүн билбейт окшойт.  Алардын 99%ы канчалаган азап тартып, лейтенанттан баштап мээнет кылып анан ошол наамга жетишет. Генерал болуу оңой иш эмес.  Жаштыгын арнап, жашоосун өмүрүн өлкөгө арнап ар түрдүү окуяларды башынан кечирип ысык-суукта калып жүрүп генерал болушат. Чынын айтканда Акылбек кыскартып бюджетти көбөйтүп жибергидей деле өтө чоң суммадагы пенсия албайбыз. Акчанын көлөмү айрым депутаттардыкындай, же экс-президенттердикиндей көп эмес. Муну билип алса ашыкча болбойт. Өмүрдү өлкөнүн коопсуздугу үчүн арнаган соң татыктуу пенсияга чыгууга аскер кызматкерлеринин толук акысы бар деп ойлойм»-деди ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.