Артём Новиков: “ПЦР-тестирлөөнүн баасын арзандатуу карап жатканын айтты”

ПЦР-тестирлөөнүн баасын арзандатуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдирди.

“Эң көп керектелүүчү азык-түлүк продуктуларына бааларды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк ташууларга байланышкан кырдаал боюнча өкмөт көрүп жатат. 2021-жылдын 8-январынан ири мүйүздүү малды, кумшекерди, өсүмдүк майын жана өзгөчө зарыл башка товарларды, 16-марттан тарта минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү-майлоочу майларды сыртка чыгарууга(экспортоого) убактылуу тыюу салынган. 14-апрелден баштап дары-дермектерди жана медициналык буюмдарды экспорттоого алты айлык мөөнөт менен убактылуу тыюу салынды. ПЦР- тестирлөөнүн баасын арзандатуу боюнча чаралар көрүлүп жатат”, – дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.