Асанбай Пазылов: “Башмыйзам үчүн – кезектеги тополоң болгону жатат”

Баткен шаарынын мурдагы мэри Асанбай Пазылов, учурда талкууланып жаткан Башмыйзамдын долбоору тууралуу оюп билдирип, бул үчүн кайра тополоң чыгуу коркунучу бар экенин белгиледи.

«Шашылыш түрдө, “Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп эле гүпүлдөп эле жатышат. Кеңешме да чакырбай, Бакиевдин юристи жазган өзгөртүүлөрдү кабыл алабы эл? Курултай дегени,толугу менен элдин көзүн майлачуу нерсе. Мен Бакиевдин курултайында делегат болгом, делегатты угуп да койбойт, бүт дежурларга сөз беришип, бүттү, бары беш кылышат. Биз артка баратат экенбиз. Бирок мындай ыкма менен президенттик шайлоодо эле чыр чыга турган абал жаралып жатат»,-дейт экс-мэр.

Leave A Reply

Your email address will not be published.