народный

АШАчылар митингге саксаңдап жүргөндү коюп, үйдөгү балдарына тарбия бербейби?

АШАчылар митингден митингге саксаңдап жүргөндү коюп, үйдөгү балдарына туура тарбия бербейби?
“Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы” деп бийик пафостуу лозунг менен түпкүрүндө бачабаздар менен лесбиянкаларды колдогон батышчыл аялдар бир чурулдап алышты. Алар тим эле Кыргызстанда аялдар күндө сабалып жаткансып үй-бүлөдөн такыр түшүнүгү жок, доллардын чекесин көргөзсөң текей терип кетчү бокмурун балдар менен секелек кыздардын оозу менен ай-ааламга айкырык салышты.
Мындай жагдайдан да упай топтоо максатында камакта жатканына карабай Равшан Жээнбеков үн катса, Роза Отунбаева жетип барып, ИИМ министрин кетириш керек десе, АШАчылардын айрымдары окуяны дагы кандай нукка өзгөртсө болот деген максатта алдыртан абай салып турса, айрымдары Фейсбуктан ач айкырык, куу сүрөөн кылып турушту.
Дегеним, бул кыргыз элинде эненин ордун жакшы түшүнбөгөн субай-салтаң кысыркалдылардын акциясында Кундуз Жолдубаеванын карааны көрүндү. Ал деле бул акцияны колдоого эмес, элдин маанайына баам салыш үчүн келген шекилдүү. Болбосо микрофонго сүйлөп көнүп калган жаны андан кайра тарпас эле. Берки батыштын же АКШнын арам оюн ишке ашыра албай жаткандар Кундузду бүгүнкү бийликке каршы экенин билип, келгенинен пайдаланып, жанталашып сөз берет эле.
Бирок ошентсе да Кундуз айым бүгүнкү бийликтен “жумурткадан кыр издегендей” кыйкым издеп саксаңдап, “менин жатыным меники” дегендерге келбей, үйүндөгү алмончоктой кызы менен болуп, ага энелик мээримин төгүп отурса, ошондо кыздардын укугун коргогон болот эле да.
Дагы бир АШАчы Мамытова да митингге келгенге чамасы чарк болуп, пикет деген каалоосу башына чыгып, жөн жата албай, Фейсбуктан узун тилин ары-бери агытып, ажаандыгын өзү эле тастыктап жатат.
Дегеле баласын ар кимге таштап, тууган-уругун уятка калтырып ар кандай митинг-пикеттерге шашылып, же милиция органдарына кол көтөрүп, улуттук каада-салт деген улуу мурастарды уруп ойнобой, аялзатынын аруулугуна, тазалыгына, энелик улуу касиетине шек келтирген аял сымалдарды “эне деген ыйык укугунан ажыратсак, эсине келишеби!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru