народный

Аскат Алиев, Кыргызстандын ИИМинин КМШ аймагында Уюшулган кылмыш менен күрөштү тескөө бюросунун директорунун орун басары: “Москвадагы мигранттарды бекер жатакана жана тамак аш менен камсыздадык”

Мындай маалыматты Аскат Алиев Кыргызстандын ИИМинин КМШ аймагында Уюшулган кылмыш менен күрөштү тескөө бюросунун директорунун орун басары Аскат Алиев “коом press” сайтына билдирди:

«Россиядагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 17-мартында элчиликтин алдында элчилик, ИИМ, миграция өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган ыкчам штаб түзүлүп, Кыргызстандын Республикалык штабы, Москвадагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте мекендештерге ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп жатат.  Ошол күндөн тарта КРга Россиядан 5000 ден ашуун жарандар чартердик  рейстер менен жеткизилди. Азыркы күндө Москва аэропортунда кете албай калган 100 гө жакын мекендештерди хостелдерге бекер жайгаштырдык жана тамак ашы менен камсыз болууда. Андан сырткары коомдук уюмдар менен биргеликте кыйналган, көчөдө калган мекендештерге тамак аш, жатакана менен камсыз кылып, ар тараптуу жардамдарды көргөзүп жатабыз. Москвадагы кыргыздардын медициналык дарыгерлери штаб  менен биргеликте мекендештерге телефон аркылуу кеңеш берип жатышат”-деди ал.

Эскерте кетсек  Россияда карантин 1-майга чейин узартылган

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru