Аскердеги жоокер жанындагыларга балта менен кол салды

Бүгүн эртең менен  Воронеждеги “Балтимор” аэродромунда аскерге чакырылган жоокер бир нече адамды өлтүрдү. Бул тууралуу  РИА Новости аймактагы аскердик укук коргоо органдарындагы булактарга таянып билдирди.

Прокуратура өзгөчө кырдаал фактысын тастыктады, бирок толук маалымат азырынча белгисиз.

Жергиликтүү  “Mine! Онлайнда” гезиттин маалыматы боюнча , бүгүн эртең менен аскер кызматкери балта менен жанындагыларга  кол салып, алардын бирөөсүнүн куралын тартып алып, ок чыгарган деп айтылууда.

Журналисттердин айтымында, бир нече адам каза болуп, дагы бири жаракат алды, бирок бул маалымат расмий түрдө ырастала элек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru