“Аскерлер бийликти элге кайтарып берсин”: Мьянмадагы иш таштоо

Мьянманын ири шаарларындагы борбордук көчөлөр кылкылдаган элге толуп, он миңдеген демонстранттар аскер төңкөрүшүнө каршы көтөрүлдү. Көчө демонстрациялары өлкө боюнча иш таштоо менен коштолууда.

Аскер өкмөтү каршылык жүрүшүнө чыккандар кооптуу жолго түшүп алганын эскертип, алардын аракети кишилей жоготууларга алып келиши мүмкүн деп айтты.

Жекшембидеги нааразычылык акциялары учурунда полиция менен кагылышуу болуп, кеминде эки киши каза тапты.

“Каршылык акцияларынын уюштуруучулары кишилерди кагылышууга түртүүдө”,- деп айтылды өлкөдөгү алдыңкы мамлекеттик MRTV телеканалынын жаңылыктар берүүсүндө. Хунта көзөмөлдөгөн ЖМКлар жарандарды башаламандыктан алыс болууга чакырууда.

Нааразылык жүрүштөрүндө аскер жетекчилерин бийликтен четтетүү жана Аун Сан Су Чжи жана анын “Демократия үчүн улуттук лига” партиясынын жетекчилерин бошотуу талаптары айтылып жатат.

Демонстрациялар өлкөнүн ири шаарларын кучагына алды.Коомдук сайттардагы сүрөттөрдөн улам ага өтө көп сандагы кишилер тартылганын болжоого болот.

Frontier басылмасынын редактору Томпсон Чау учурдагы нааразылык жүрүштөрүнө көп сандагы кишилер тартылып, чоң жолдор бөгөлүп, дүкөндөр иштебей калганын айтып берди. Чау Би-Би-Сиге комментарий берип жатып, мамлекеттик сектордо иштегендер дагы демонстрацияга аралашып кеткенин кошумчалады.

Толкундоолорду 1988-жылдын августундагы окуяларга салыштырып жатышат. Ал өлкө тарыхындагы эң кандуу окуялардын бири болуп калган. Анда аскерлер тарабынан жүздөгөн демонстранттар атылган.

Мьянма аскер режими менен 1962-жылдан 2011-жылга чейин башкарылып келди. 1988-жылы каршылык акциясын күч менен таратуу аракетинен 3 миңдей киши каза тапкан. 2007-жылы 30 кишинин өмүрү кыйылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.