народный

«Ассафа борбору» Коомдук бирикмеси тарабынан Баткен облусуна өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди



«Ассафа борбору» Коомдук бирикмеси Баткен облусуна баасы 23миң доллар турган өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуу, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө орнотулду. Бул боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


“Дарыгерлердин айтымында облустук ооруканада көп жылдан бери иштетилип келген мындай 9 аппарат бар. Бүгүнкү орнотулган заманбап жабдуу, оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоого зор салым болду”-деп айтылат маалыматта.
Ассафа Борбору Коомдук бирикмеси мындан сырткары дарыгерлер үчүн 150миң сомго көп жолу колдонулуучу 30 комплект коргонуучу кажататтарды, 400 миң сомго Баткен шаарындагы социалдык шаарчада жашаган 106 үй бүлөгө азык түлүк жана гигиеналык каражаттарды жардам катары беришти.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru