Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты. Талабы эмне?

25-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун алдына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты.

Митингге чыккындар экс-спикерди камактан бошотууну талап кылышууда.

Эске салсак, экс-төрага Асылбек Жээнбеков Кумтөрдөгү коррупцияга аралашкан деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

«Кумтөр иши» боюнча буга чейин туңгуч президент Аскар Акаев баштаган чиновниктер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Тергөөнүн жыйынтыгында айрымдарына соттук териштирүү башталып камакка алынган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru