Ат-Башы районунун коменданты: Ар бир айылдан дары-дармек үчүн жеңил унаа, азык-түлүк үчүн жүк ташуучу унаа бөлүнөт
Нарында дары-дармек үчүн жеңил унаа, азык-түлүк алып келүүгө жүк ташуучу унаа бөлүнөт. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
Анын айтымында, азык-түлүк, дары-дармек боюнча акимдерге көрсөтмө берилген.
“Ар бир айылдан ооруканага баруу жана дары-дармек алуу үчүн жеңил унаа, азык-түлүк алып келүүгө жүк ташуучу унаа бөлүнөт. Аларга өткөрмө кагаздарын берип жатабыз”, – дейт Аалиев .