Ат-Башыда коронавирус илдетинен эки адам айыгып, үйүнө чыкты

Кечээ, 22-апрелде Ат-Башы районунун аймактык​ ооруканасында коронавирус илдетине кабылган эки жаран айыгып, үй карантинине чыгарылды.
Дарыгерлер, ооруканадан чыгарылган жарандарга мындан кийин эрежени туура сактап, ден-соолуктарына кам көрүүнү суранышты.
Ооруканадан айыгып чыккан жарандар тез жардам унаасы менен үйүнө жеткирилди.
Район башчысы Нурбек Сатаров, аты жаман илдетке кабылгандарга тезирээк сакайып кетүүлөрүн каалап, бул ооруга каршы күрөшүүдө салымын кошуп жаткан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
“Кудай буйруп, бүгүн жакшы кабар болуп жатат.​ Коронавирус илдетине кабылган эки адамыбыз ооруну жеңип, сакайып үйлөрүнө чыгып отурат. Элибизге да кайрылып кетет элем, тартипти жакшы сактап берсеңиздер ооруну биргелекте жеңип чыгабыз. Алдыда дагы бардык ооруга кабылган адамдарыбыз айыгып чыгып калат деген үмүтүбүз чоң.
Ал эми оорулуулар менен күрөшүп жаткан бардык медицина кызматкерлерине жана ошондой эле күч түзүмдөрүнө, тартип сакчыларына терең ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук каалайм”, дейт Нурбек Сатаров.

Ат-Башы районунун аймактык оорукананын жетекчиси Илим Бейшеналиев, айыгып чыккан бейтаптар үйүндө дагы 14 күн карантинде жатат.

“Бүгүнкү күндө ооруну жуктуруп алган бейтаптардын ден-соолугу дээрлик туруктуу. Даргерлердин жана өзүнүн күчү менен оруну жеңген алгачкы бейтаптарыбызды үйүнө чыгардык. Үйүнө барганда алар 14 күн үй карантинде болушат. Чыгаруу алдында атайын үйлөрүнө карантиндик бөлмө даярдатылган. Айыгып чыккандарга ийгилик каалайм, эч качан оорубасын. Ал эми
үйүнө барбай элдин саламаттыгын ойлоп, күнү-түнү​ кызматта жүргөн дарыгерлердин эмгеги зор. Бардык дарыгерлеризге терең ыраазычылык билдирем. Медициналык каражаттарыбыз учурда жетиштүү. Тактап айтканда бир айга толук жетет десем болот. Дагы бир айта кетчү сөз, бизге демөөрчүлөрүбүз дагы четте карап турбай колдо көрчөтүп, медициналык каражаттары болгон атайын коргонуучу форма, респиратордук бет кап, кол кап, антисептиктен алып келип беришүүдө. Бардыгына ырахматыбызды айтабыз”,- дейт оорукана жетекчиси Илим Бейшеналиев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru