Ат-Башыга көчүп келген памирлик кыргыздар үйлүү болду

Ат-Башы районуна мындан 1,5 жыл мурун келген Абибулла Мухаммадкул уулунун үй-бүлөсү жаңы үйлүү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Динара Жунусова билдирди.

Анын айтымында, алар бул үйгө 19-октябрда киришет.

«Улуу жана Кичи Памирден боордошторубуз, этникалык кыргыздар Нарын жергесине 3 жыл мурун 13-октябрда келишкен. Анын ичинен 1 үй-бүлө кийинчерээк Терек-Суу айылына жайгаштырылган. Алардын бул жерде жашап жатканына 1,5 жыл болду. Эл дагы туура кабыл алып, колунан келген материалдык, моралдык жардамдарын көрсөтүшүп, бир үй-бүлөдөй болуп жакшынакай жашап жатышат. 4 бала менен келшкен. Бул жактан дагы бир наристелүү болушту.

Ушул эле айылдын тургуну Мирлан Өмүракунов демөөрчүлүк кылып, аларга үй куруп берди. Айыл өкмөт жер бөлүп берди. Эми үйдүн ачкычын берели деп пландаштырып жатабыз. Үйдү көрүү үчүн Миграция кызматынан атайын өкүлдөр келишкен. Үй даяр. 19-октябрь күнү бул үй-бүлөгө үйдүн ачкычын тапшыруу аземи өткөрүлөт. Үй 3 бөлмөлүү. Меш салынган.

Үйдү документтештирүү боюнча айыл өкмөт жетекчилиги менен сүйлөшүп, муниципалдык менчик деп каттатып койсокпу деген сунуштарды айтып жатабыз. Себеби, ар кандай болот. Эгер көчүп кетебиз деп чечим кабыл ала турган болсо, бул үй муктаждарга кала берет.

Бул үй-бүлөгө жарандык алып берүү боюнча тиешелүү документтердин бардыгы Миграция кызматына кеткен. Буюрса комиссиядан каралса, Кыргыз Респуликасынын жараны деген статус алышат. Убакыт керек болуп жатат», – деди ал.

Булак: Турмуш

Leave A Reply

Your email address will not be published.