народный

“Ата-Мекен” фракциясы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жасалып жаткан иштерди талкуулады

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйыны өттү. Анда Башкы прокуратуранын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы талкууга алынды.

Жыйында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Санжарбек Ибраимов үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо үчүн жер-жерлерде 532 коомдук алдын алуу борбору, 736 аксакалдар кеңеши жана 564 жаштар кеңеши түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров үй-бүлөлүк жана балдарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктардын алдын алуу максатында министрликтин карамагында түзүлгөн штабдар, кризистик борборлор да иштеп жатканын билдирди.

Ал эми “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бул маселе жалпы улуттун көйгөйү экенин айтып, зомбулук көрсөткөн жарандарга карата жазаларды күчөтүүнү сунуштады.

“Учурда козголгон кылмыш иштери толук каралбай артка кайтарылууда, тескерисинче, зомбулук көрсөткөн жаранга жазаларды күчөтүү керек. Ошону менен бирге жарандарга түшүндүрүү, тарбиялоо иштерин да жүргүзүү зарыл. Мисалы, кыргызстандыктардын 80 пайызы мусулман болгондуктан Муфтият менен иштешүү жакшы натыйжа берет”, – деди Каныбек Иманалиев.

Ушундай эле ойго депутат Садык Шер-Нияз да кошулуп, мамлекеттин карамагындагы телеканалдарды, радиолорду аталган көйгөйдү чечүүгө пайдалануу керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru