Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук иш-чаралар уюштурулду-(ФОТО)

23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күнгө байланыштуу Баткен районунун аймагында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды ынтымакка чакырган спорттук иш-чаралар милиция тарабынан уюштурулууда.
Баткен РИИБнин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан демилгеленген спорттук иш-чара Ак-Сай, Көк-Таш, Үч-Дөбо, Таш-Тумшук Миң-Өрүк айылдарындагы орто мектебинин окуучулары арасында өткөрүлдү. Анда бул аймактагы мектептердин жогорку класстарынан куралган балдар катышты.
Оюндун жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаштарды ынтымакка жана спортту сүйүүгө чакырышты. Жеңүүчүлөр мыкты оюн көргөзгөндүгү үчүн 1-орунга Б.Ходжаев атындагы орто мектеби, ал эми 2-орунга Б.Гайпов атындагы орто мектебинин окуучулары жетишкен. 3-орунду Ш.Ганы атындагы орто мектеби ээлеген.
Майрамга карата спорттук иш-чара Баткен РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Ошондой эле оюн талаасында мыкты команда, мыкты оюнчу, мыкты дарбазачы, мыкты чабуулчулар аныкталып, сыйлык катары кубок, громата, китептер берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.