“Атам бар кезде эч нерседен коркчу эмес элем” Акын, журналист Зайырбек Ажыматовду уулу эскерди

Мындан туура бир жыл мурун, 29-апрелде белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов жарык дүйнө менен кош айтышкан. Акындын артында ырлары жана 2 уул, 2 кызы калган.

Бүгүн акындын уулу Назым Самаган атасын эскерип өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды.

“Атам бар кезде эч нерседен коркчу эмес элем, азыр баардык нерседен корккон, атасыз бир жыл. Карлыгач менен сырдашчу атасы жок , атасыз бир жыл. Айназикти аячу атасы жок, атасыз бир жыл. Мелис менен сүйлөшчү атасы жок, атасыз бир жыл. Телефондо номериңиз бар, бирок өзүңүз жок, атасыз бир жыл. Күндө кечинде телефондон “Балам курсак токпу?”- деп сурап турар киши жок, атасыз бир жыл. Жашым жыйырмадан ашса да, жумушумдан дардалаңдап тосуп алчу киши жок, атасыз бир жыл. Ар бир жеңишиме сүйүнүп, сыймыктанчу киши жок, атасыз бир жыл. “Алыс жерде жүрөсүң” – деп алыстан колдогонго киши жок, атасыз бир жыл. Жеңилсем да кубат, эрк, тирек болчу киши жок, атасыз бир жыл. Адашсам да туура жолду көрсөтчу адам жок, атасыз бир жыл. Жамандардан аяп, коргогонго киши жок, атасыз бир жыл. Баягы тоодон да бийик көрүнгөн атабыз жок, Атасыз Бир жыл!

Төртөөбүздө атамдын төрт сапаты калгандай элестетем. Кудайдын буйругу болгондон кийин баарыбыз баш ийет экенбиз. Атамдын чын дүйнөгө көчкөнүнө толук бир жылдын жүзү болду. Зайырбек Ажыматовдун уулу болгондугума сыймыктанам!!!”, – деп жазган уулу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.