народный

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта баштала турган Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Атамбаев сотко катышуу тууралуу ниетин билдирип, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болорун айтты”, – деп жазган Жолдубаева.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча тергелип бүткөн иш менен таанышкан соң,  Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөргөн. Райондук сот алгачкы отурумду 2-мартка белгилеген.

Бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган, Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамга расмий айып коюлган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru