Атамбаевдин иши бүгүн да каралбай калды

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу Алмазбек Атамбаевге коюлган айып боюнча бүгүн, 17-январга соттук отурум белгиленген. Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

“Судьялардын бири ооруп калганына байланыштуу бүгүнкү соттук процесс болбой калды. Кийинки отурум качан болору белгисиз”, – дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, Атамбаев “Батукаевдин кылмыш иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru