Атамбаевге дагы жаӊы айып тагылды

Алмазбек Атамбаевге 2020-жылы 5-6-октябрда жана 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айыптар тагылды. Ага аталган кылмыштарга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилди.

АКИpress агенттигине Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдиргендей, тергөө иштери аяктагандыгы айтылды жана материалдар таанышуу үчүн берилди. Андан соң иш прокурорлор аркылуу сотко өткөрүлөт.

Тергөө иштерин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзгөн.

Буга чейин Атамбаев Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга жана 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуяларына айыпталып, камакка алынган.

АКИpress агенттиги

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru