Австралиянын тогуз жоокери өз жанын кыйды

Акыркы үч жумада австралиялык аскерлер Ооганстанда жасаган согуш кылмыштары жөнүндө отчет жарыяланган учурда тогуз австралиялык аскер өз жанын кыйды деп жазат Daily Mail.
Отчет өткөн жумада Австралиянын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Ангус Кэмпбелл тарабынан жарыяланган. Документте Австралиянын атайын күчтөрү тарабынан 2005-2016-жылдар аралыгында Афганистанда 39 адам өлтүрүү фактысы камтылган. Курман болгондордун арасында жергиликтүү аскерлер жана карапайым адамдар бар.
Ушунча кыска мөөнөттүн ичинде өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн саны – сегиз эркек жана аял – Австралиянын армиясынын тарыхында болуп көрбөгөндөй окуя болду, деп жазат гезит.
Азырынча каза болгон аскерлердин Ооганстандагы кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу эч кандай далил жок. Бирок, эксперттер өз жанын кыюуну тергөө тарабынан чагымчылдык болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт. “Менин оюмча, ЖМКлардын айрым билдирүүлөрүндө бирдей маалымат берилип, күнөөсүз болгонго мүмкүнчүлүк калтырган эмес, мунун бардыгы стресс болчу”, – деди The Advertiserге психикалык саламаттык боюнча консультант Нил Уоллес.
Отчеттогу маалымат 400дөн ашуун күбөнүн көрсөтмөсүнө негизделген деп кабарланды. Мындан тышкары, эксперттер белгиленген убакыт аралыгында 20 миңден ашуун документтерди жана 25 миңден ашуун сүрөттөрдү карап чыгышты. Берилген докладда командир Ооганстанда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө керектигин айтты. Жалпысынан ал киши өлтүрүү жана негизсиз мыкаачылык боюнча 36 окуя боюнча кошумча кылмыш ишин козгоону сунуш кылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru