народный

Автобус кырсыкка учурап, 14 адам каза болду

Мексиканын батышында жайгашкан Халиско штатында автобус жол кырсыгына учурап, анын кесепетинен 14 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Кырсык Туксека-Ситала трассасында болгон. Айыл чарба кызматкерлерин ташыган автобустун айдоочусу рулду башкара албай дубалды сүзгөн.

Жыйынтыгында кырсыктан 14 адам каза болуп, дагы 20 ашык адам ар кандай жаракат алган.

Автобус жолдо бара жаткан кезде тормоздук системасы иштебей калып, аны токтотуу үчүн айдоочу дубалды сүзгөнү айтылууда.

Автобус мөмө-жемиштери өндүрүү менен алектенген ишкананын кызматкерлерин ташып бара жаткан. Кырсыктан айдоочу дагы каза болгон.

Учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалды жоюу иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru