Автокран менен BMW кагышып, эки адам жабыркады — видео

Бишкекте 20-майга караган түнү саат 00:40 чамасында автокран менен жеңил унаа кагылышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу А.Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй автокранды башкарып бара жатып, Тыналиев көчөсүнөн солго бурулганда карама-каршы багытта келе жаткан 24 жаштагы Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы BMW 530 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада BMW 530 унаасындагы эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru