Аялын балдарынын заңын жегенге мажбурлаган кишинин соту ачык өтөт

12-ноябрда Самарканд шаардык кылмыш сотунда 35 жаштагы Ш.Каримовго каршы ачык сот иши башталат.  Эркек 25 жаштагы аялын шылдыңдап, аны сабап, балдардын жалаягындагы калдыктарды  жегенге мажбурлаганын nuz.uz жазды.

Жогорку Соттун маалыматы боюнча, Ш.Каримовго Кылмыш-жаза кодексинин 103-беренеси (суицидге алып  баруу), 105 (денеге атайылап орточо залал келтирүү) жана 110 (кыйноо) беренелери боюнча айып тагылды.

2012-2015-жылдары жубайлар шарият никесинде жашап, андан кийин расмий түрдө баш кошушкан.  Ш.Каримов аялын  бат-баттан сабап турчу, 2020-жылы 20-августта мыкаачылык менен тепкилеген.  Видео тасма социалдык тармактарда 22-августта пайда болуп, Самарканд шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө ишин баштаган.

Көрсө, аял Самарканддын Термез көчөсүндөгү батиринде катуу депрессия абалында болгон. Ал эми  күйөөсү качып кетип, 23-августта Ташкенттен табылган. Самарканд шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери борбор шаарга келип, ал кишини колго түшүрүп, эртеси кылмыш ишин козгошкон.

Аялдар менен иштөө башкы башкармалыгынын кылмыштуулуктун алдын алуу бөлүмүнүн инспекторлору жабырлануучуга жана эки баласына материалдык  жана моралдык колдоо көрсөттү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru