народный

Аялын бычактаган кишини үй камагына чыгарышты

Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.

“13-март күнү Казакстандын Актөбе облусунун тургуну  Айнагүл аттуу жаран жумушуна келет. Ал бармен болуш иштөөчү. Эшиктен  мурдагы күйөөсү Сакен кирип келип, эки кружка  сыра буйрутма берет. Анан үчүнчүсүн дагы. Мурдагы эки бөтөлкө сыранын акчасын төлө деген сөзгө арданган Сакен  Айнагүлдү бычак көтөрүп кубалап жөнөйт. Тилекке каршы кафеде олтурган бир адам болушпай чыгып кетет. Акыры артынан жетип барган зөөкүр аялын бычактап “меники болбосоң башка эч кимдики болбойсуң”-деген сөздөрдү айтат. “Болуптур, сени менен элдешем тийбечи мага”-деп жалдыраган аялынын сөзүн укпай бетин тилип таштаганда гана полиция кирип келет.  Артынан тез жардам келип  каны токтобой жаткан Айнагүлдү ооруканага алып кетишет.

Учурда  Сакен үй камагында. Ал абакта болгону үч гана күнгө олтурган. Эми ал Айнагүлдүн артынан калбай социалдык тармактардан ар кандай жаман сөздөрдү жазууда. Демек бул үй камагынын тартиптерин бузуу. Алардын ортосунда 10 жаштагы кызы бар болчу. Ал туугандарынын үйүндө ” деп жазат алар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru