народный

Аялын жарадар кылган жаран кармалды

Бишкекте аялын сабады деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына «Ала-Тоо» конушунда күйөөсү аялын сабап жатат деген билдирүү түшкөн. 24 жаштагы жабырлануучу аны жарадар кылган күйөөсүнө арыз жазган. Кылмышка шектүү 24 жаштагы К.М. кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Факт КЖБРда катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси «Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru