Аянтта нан, суу таратылууда

“Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан митинг уланууда. Учурда митингге келгендердин саны болжол менен 2 миңге жакын.

Катышуучулар нан, суу менен түштөнүүдө. Аларды уюштуруучулар таратышты.

Эске салсак, өткөн жумада интернетте 20га чукул автоунаага желек байлап, Ысык-Көл облусунун көчөсү менен келе жаткан адамдардын видеосу тараган. Алардын айтымында, топ Садыр Жапаровду колдоо максатында Тоң районунан Бишкекке тынчтык акциясына катышуу үчүн жолго чыгышкан. Ошондой эле тарапташтардын сүйлөшүүсү тараган. Анда тынчтык митинг деп басып алабыз деген сөздөрдү угууга болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru