«АЮ» ишканасы жабылганбы?

Бул тууралуу депутат Абтандил Кулбараков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты:

«Угушума караганда, азыр ишкерлерге жардам көрсөтүлбөй, шарттар түзүлбөй жатат. Тескерисинче аларга тоскоолдуктар көбөйүүдө. Билбейм, туурабы же туура эмеспи, «Аю» ишканасы жабылып калды деп угуп жатабыз. Ал жакта 2 миңден 4 миңге чейин жумушчу иштейт. Ишкананын 1 айдан бери иштебей турганын айтып жатышат. Биз канчалаган салыктан кур калып жатабыз. «Эгерде кемчилиги болсо, аны жоюп, иштеп, салык төлөй берсин. Ушундай туура болот деп ойлойм. Эгерде бардык ишканаларды жаба берсек, салыктар кайдан түшөт?», – деди Кулбараков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru