Азамат Болгонбаев Садык Шер-Нияздын 19 жылда жасаган иштерин тизмектеп айтты

Азамат Болгонбаев Садык Шер-Нияздын 19 жылда жасаган иштерин тизмектеп айтты

Садык Шер-Нияз негиздеген “Айтыш” коомдук фондунун 19 жылдан бери аткарган иштери:

Өз көзүм менен көргөн кыскача статистика:
2000-2001-жылдары айтыштардын байге фонду 10 000 -30 000 сомдун айланасында болгон.
2000-2001-жылдары Тарых музейинин 300 кишилик залында өткөн айтышка 60 акын 30 көрүүчү келчү.

Республикалык «Айтыш» коомдук фонду!!!
“Айтыш” коомдук фонду КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинорежиссер, Мамлекеттик жана коомдук ишмер Садык Шер-Нияздын демилгеси менен түзүлүп, 2001-жылдын февралынан баштап иштеп келет.

2001-2019-жылдар аралыгында аткарган иштер. (бул жерге “Айтыш-фильм киностудиясынын жана “Калемгер” адабий клубунун иштери камтылган жок. Аларды кошсок тизме андан ары уланат):

  1. 19 жыл катары менен ар 10 күндө үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан төкмө акындардын даярдык айтыштары;
  2. 2001-жылы 10-октябрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн акындардын Республикалык айтышы;
  3. 2002-жылы 2-мартта Мамлекеттик тарых музейинде өткөн төкмө акындардын Республикалык айтышы;
  4. 2002-жылы 27-июнда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн “Залкарлардын Айтышы” заманыбыздын залкар акындары: А. Айталиев, Э. Турсуналиев, Т. Абдиев жана З. Үсөнбаевдин айтышы;
  5. 2002-жылы Ш. Шеркулов менен М. Баетовдун 100 жылдыгына карата Таласта өткөн төкмө акындардын Эларалык айтышы;
  6. 2002-жылы 22-декабрда А. Айталиевдин 75 жылдык мааракесине карата Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн төкмө акындардын Эларалык айтышы;
  7. 2003-жылы жаз майрамына карата «Теңир-Ордо» коомдук фонду менен биргеликте эки ирет чет элдик өкүлчүлүктөргө арналып өткөрүлгөн концерти;
  8. 2003-жылы 26-июнда Казыбек казалчынын 100 жылдык мааракесине арналып, Атбашы жергесинде өткөн акындардын Республикалык айтышы;
  9. 2003-жылы Оозеки адабияттын тарыхы жана учурдагы төкмө акындардын өкүлдөрү туурасында толук маалымат берген «Актаңдайлар» аттуу китептин чыгарылышы;
  10. 2003-жылы Кыргыз Мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата 29-30-августта Бишкек шаарында өткөн акындардын Эларалык айтышы байге фонду 500 000 сом.
  11. 2003-жылы 3-декабрда Мамлекеттик «Кабар» агенттигинде өткөн «Айтыштын жаңы өмүрү» аттуу маалымат жыйынында акындарга «Кыргыз Эл артисти» эмес, «Кыргыз Эл ырчысы» деген наам ыйгаруу сунушун көтөрүү;
  12. 2003-жылдын декабрынан баштап төкмө акындар мектебине атайы ар он күндө лекторлор чакырылып, лекцияларды уюштуруу;
  13. 2003-жылы 20-мартта «Теңир-Ордо», «Комузчу» фонддору менен бирдикте «Жеңижоктун кут жылдызы» аттуу алтын төш белгиге арналган төкмө акындардын Эларалык айтышы;
  14. 2003-жылдын башынан баштап төкмө акындардын Эларалык, Республикалык айтыштарын видео, аудио кассета, CD дисктеринин чыгарылышы;
  15. 2004-жылдын башында фонддун үч тилде (кыргызча, орусча, аңглисче) өз алдынча интернет сайты ачылды (www.aitysh.org). Кызыккандар бул сайт аркылуу дүйнөнүн баардык бурчунан биздин төкмө акындар тууралу биле алышат;
  16. 2004-жылы 28-майда Улуттук филармонияда фонддун уюштуруусу менен Республикабыздын Эл артисти, айтылуу төкмө акын Тууганбай Абдиевдин чыгармачылыгынын 50 жылдык мааракеси;
  17. 2004-жылдын май айында Т.Абдиевдин «Айтыштар, чоңколор, залкарлар, замандаштар» аттуу китеби жана аудио кассетасы чыгарылды;
  18. 2004-жылдын август айында төкмө акын Амантай Кутманалиевдин «Саргашканын санаты» аттуу китеби чыгарылды;
  19. 2004-жылы 29-30-августта Кыргызстандын Эгемендигине карата улуу акын Токтогулдун 140 жылдыгына арналган Республикалык төкмө акындар айтышы (байге фонду 500 000 сом) Мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлдү;
  20. 2004-жылдын декабрь айынан тартып «Калемгер» адабий клубу негизделип, аталган клуб чыгармачыл ишин уланта баштады;
  21. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата «Акыйкат шайлоо үчүн» атту тандалма актандай төкмө акындардын айтышын уюштуруп, айтыштан түшкөн каражат Бишкек шаарындагы дудук балдар мектеп интернатына кайрымдуулук үчүн берилди;
  22. 2005-жылы аңгемелер боюнча профессионал жазуучулар арасында адабий сынактын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчү авторлодун чыгармаларынан турган «Булак-2005» жыйнагын жарыкка чыгарды;
  23. 2005-жылдын 29-30-августунда Кыргызстандын Эгемендигине карата улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына арналып Республикалык төкмө акындардын (байге фонду 500 000 сом) айтышы өткөрүлдү;
  24. 2006-жылы жаш акын Зайырбек Ажыматовдун «Мелмил» аттуу поэтикалык жыйнагын жарыкка чыгарды;
  25. 2006-жылдын башында «Айтыш» фондунун алдында «Айтыш-фильм» киностудиясы негизделди;
  26. 2006-жылы Фонддун төрагасы Элмирбек Иманалиев акындар Ш. Адылов, А. Болгонбаев. М. Исраилов июнь айында Ош, Жалалабад облустарынын табигат кырсыгынан жапа чеккен айылдарына бекер концерт тартуулап келишти;
  27. 2007-жылдын март айы КР Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди;
  28. 2007-жылы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, ак таңдай акын Токтосун Тыныбековдун 80 жылдык эскерүү кечеси белгиленди;
  29. 2007-жылдын ноябрь айында Ысык-Көл областынын Барскоон айылында Кыргыз атына арналган Республикалык айтышы байге фонду 500 000 сом;
  30. 2008-жылы 30-31-августта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө арналган Кыргыз-Казак акындарынын Эларалык айтышы байге фонду 500 000 сом;
  31. 2008-жылы 7-ноябрда актаңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгынын 15-жылдыгына арналган чыгармачыл кече;
  32. 2008-жылы ноябрда актаңдай төкмө акын Абдылда Нуралиевдин 50 жылдыгына арналган чыгармачыл кече;
  33. 2009-жылы 20-мартта Нооруз майрамына карата Републикалык «Айтыш» коомдук фонду уюштурган айтыштарда баш байге алган төкмө акындардын айтыш-концерти;
  34. 2009-жылы июнда Нарын шаарында Нарын облусунун 70 жылдыгына арналган Республикалык төкмө акындар айтышынын уюштуруу иштери;
  35. 2009-жылы 30-31-августта Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө арналган, Кыргыз Республикасынын президентинин байгесине карата Республикалык төкмө акындар айтышы байге фонду 500 000 мин сом;
  36. 2009-жылдын ар бир айынын 20 да КТРКнын концерттик студиясында өткөрүлгөн Республикалык төкмө акындардын чакан айтыштары. Ар бир айтышка 30 мин сомдон 100 000 сомго чейин байгелер сайылган;
  37. 2010-жылы Мамлекетибиздеги болгон саясий кырдаалда Республикалык «Айтыш» коомдук фонду четте калган эмес. «Айтыш» коомдук фондунун жалпы жамааты ал учурдагы кыйын кезендерде элди ынтымака чыкырып Мамлекетибизди стабилдештирүүдө атуулдук милдеттерин өтөшкөн;
  38. 2011-жылы 30-31 августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдынына карата Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган Республикалык төкмө акындардын айтышы. Байге фонду 500 000 мин сом;
  39. 2012-жылы Ош шаарында Республикалык манасчылардын конкурсу байге фонду 1 000 000 сом;
  40. 2011-жылы «Айтыш» коомдук фондунун демилгеси менен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына Элмирбек Иманалиев, КР эмгек сиңирген артисти наамына Абдылда Нуралиев. КР ардак грамотасы наамына Амантай Кутманалиев, Женишбек Токтобеков, Аалы Туткучов көрсөтүлүп Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган;
  41. 2011-2012 жылдары Кыргыз радиосу уюштурган «Таланттар таймашы» радио долбоорунун төкмө акындар айтышына демөөрчулүк кылган;
  42. 2010-2012 жылдары ЭлТР КТРКсы уюштурган маданий иш чараларды уюштурууга көмөк көрсөткөн;
  43. 2013-жылы 20-21-мартта Бишкек шаарында Нооруз майрамынын урматына өткөн Кыргыз-Казак Эл аралык айтышы байге фонду 500 000 сом;
  44. 2014-жылдын март айы “Диалог Евразия” платформасы менен биргеликте Ош шаарында өткөн “Ырыбыз-Достук, Ынтымак” Эл аралык төкмө акындар айтышы байге фонду 500 000 сом;
  45. 2014-жылы августта “Ысык-Көл манасчыларды алтын бешиги” аттуу Респуликалык айтыш;
  46. 2014-жылы октябрда “Ак Фонд” коомдук фонду жана “Диалог Евразия” платформасы менен биргеликте улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган Эл аралык айтыш байге фонду 3 000 000 сом;
  47. 2016-жыл сентябрда II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун алкагында өткөн Эл аралык айтыш байге фонду 1 500 000;
  48. 2016-жылы “Айтыш” коомдук фондунун демилгеси менен акындар Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучевдер КР эмгек сиңирген артисти наамын алышты;
  49. 2017-жылы мартта КР Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган Республикалык “Жаш Таңдай-2017” байге фонду 200 000 сом;
  50. 2017-жылы августта “АК ФОНД” коомдук фонду менен биргеликте КР Эгемендүүлүк күнүнө карата, КР Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган Эл аралык айтыш байге фонду 2 000 000 сом;
  51. 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган XII Эл-аралык айтыш;
  52. 2018-жылы Өтө Көкө уулуна арналган Кара камышта өткөн Республикалык айтыш;
  53. 2018-жылы Таласта өткөн Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган айтыш;
  54. Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына Мамлекеттик тил майрамынын 30 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык айтыш;
  55. Белгилүү адабиятчы, акын жана илимпоз Салижан Жигитовдун «Жаңырык» аттуу тандалма ырлар жыйнагын жарыкка чыгарды;
  56. Пьеса жана аңгемелер боюнча профессионал жазуучулар арасында адабий сынактын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчү авторлордун чыгармаларынан турган «Булак-2006» жыйнагы жарыкка чыкты;
  57. Булардан сырткары УТРКнын «Айтыш», «Чечен айтыш» «Бетме-бет» “Төкмө келсе төр бошот” теле долбоорлоруна ж.б., өнөрпоздордун кызыкчылыгын көздөгөн көптөгөн иштерге уюштуруучулук жана демөөрчүлүк иштерди кылып келет;
  58. Пьеса жана аңгемелер боюнча профессионал жазуучулар арасында адабий сынактын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчү авторлордун чыгармаларынан турган «Булак-2007» жыйнагы жарыкка чыкты жана 2008-жылы өтө турган адабий сынактын Жобосу Республикалык ММКларга жарыяланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru