народный

Азербайжан Россиянын Карабах окуясына аралашканына каршы

БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет ортодо Армениянын Коргоо министрлиги Давид-Бек айылы кол салууга кабылганын айтып чыкты. Бул айыл Армениянын аймагында жайгашкан. Министрликтин басма сөз катчысы Шушан Степанян билдиргендей, Азербайжандын аба күчтөрү Карабахта эмес, Армениянын өзүндө жайгашкан Давид-Бек айылын бутага алды. Жайкын тургундардын бири каза таап, экөө жаракат алды деди Степанян.

Армения бул айылга кол салуу болгонун буга чейин да айтып келген. Бирок жайкын тургундун каза тапканы тууралуу биринчи жолу маалымат берилди. Азырынча Азербайжан тарап буга комментарий бере элек.

Өткөн апта соңунда Ереван коопсуздук маселесинде Москвадан колдоо сураганы белгилүү болду. Бул тууралуу Армениянын премьер-министринин башкы кеңешчиси Вагаршак Арутюнян жергиликтүү каналга берген маегинде билдирген.

Бул боюнча сүйлөшүүлөр “жакында башталат” жана чечим “өтө тездик менен кабыл алынат” деген ал.

Өткөн аптанын ишемби күнү Армениянын Тышкы иштер министри билдирүү таратып, премьер Никол Пашинян коопсуздукту камсыздоо үчүн жардам көрсөтүү боюнча кеңешүүлөрдү баштоо өтүнүчү менен орус президенти Владимир Путинге кайрылганын айтты.

Буга жооп кылып Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “эгерде кагылышуулар Армениянын өзүнүн аймагына өтө турган болсо, келишимдер боюнча Ереванга жардам берүүгө даяр” экенин билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараптарды ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Армения Орусия менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн бирине чабуул болсо, башкалары көмөк көрсөтүү тууралуу милдеттеме алган. Бирок Тоолуу Карабах формалдуу түрдө Армениянын аймагы саналбайт. Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймагы.

Азербайжандын президенти И.Алиев “Орусиянын Тоолуу Карабахтагы жаңжалга аралашуусуна эч негиз жок, Азербайжан Армениянын аймагына бир дагы коркунуч жараткан жок” деп айтты. Жекшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бакуга келип, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолуккан. Ереван Карабах согушуна Түркия түздөн-түз кийлигишип жатат деген айыптап келүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru