Азербайжандын элчиси Садыр Жапаровдон коопсуздукту күчөтүүнү суранды

Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджев Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдон республикада дипломатиялык өкүлчүлүктөргө байланыштуу объектилерди коргоону мындан ары күчөтүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-ноябрда Жапаровдун чет мамлекеттердин элчилери менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Оруджевдин айтымында, өлкөдө бийликтин алмашуусуна байланыштуу террордук актылар коркунучу дагы деле сакталып жатат.
“Эсиңерде болсо, мен коопсуздукту күчөтүүнү сурангам. Буга байланыштуу коопсуздук бар жана мен аны дагы да күчөтүүнү сурандым”,- деди элчи журналисттерге

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru