Азербайжандын президенти коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек акысын бөлдү

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев коронавирус менен күрөшүүгө өзүнүн бир жылдык эмгек акысын бөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. 

Ильхам Алиевдин эмгек акысы, мамлекет башчы тарабынан түзүлгөн коронавирус менен күрөшүү Фондуна которулат. Белгилей кетсек, президенттин бир айлык эмгек акысы, өлкөнүн шайлоо кодексине жараша түзүлгөн 15 миң манат (9 миң долларга жакын) турат. 

Алгач фондко, президенттин резервдик фондунан 20 миллион манат (12 миллион доллар) которулган. Бул фондко физикалык жана юридикалык жактар дагы акча каражат которо алышат. 

21-мартка карата Азербайжанда коронавирус менен ооругандардын саны 53 адамга жетти.  Анын ичинен 10 бейтап айыгып, бирөө каза тапты. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru