Азербайжандын президенти Тоолу Карабактагы согушту токтотууга даяр экенин билдирди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Армения өз аскерлерин “оккупацияланган аймактардан” чыгарып кетсе  Тоолуу Карабактагы согушту токтотууга  даяр экендигин жарыялады.

“Согуш канчалык эрте бүтсө, ошончолук жакшы болот. Мен бул жөнүндө бир нече жолу айткам жана дагы бир жолу кайталай алам: эгер Армениянын премьер-министри калган аймактарды бошотуу боюнча милдеттенме алса, анда биз даярбыз бүгүн токтотконго. Азырынча ал мындай милдеттенмелерди алган жок “,-деди Алиев италиялык La Repubblica гезитине берген маегинде.

Мамлекет башчы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын негизги принциптерине ылайык, алгач беш аймак, андан кийин дагы эки аймак бошотулушу керектигин эске салды.

“Биз буга чейин төрт регионду бир тараптуу бошоттук. Ошондуктан ал (Пашинян. – Ред.) Агдам, Келбежар, Лачин региондорунун аскерлерин оккупацияда калган аймактардан чыгаруу керек деп айтууга тийиш. Бирок ал андай билдирүү берген жок, ал согуштун бүтүшүн каалабайт “,-деп жыйынтыктады Алиев.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Al Arabiya телеканалына берген маегинде Ереван Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр, бирок Баку сүйлөшүүгө барбайт деп билдирген. Пашиняндын айтымында, “компромисс Армения үчүн алгылыктуу болоор замат, Азербайжан үчүн дароо кабыл алынгыс болуп калат”.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru