Ажылык үчүн Кыргызстанга канча орун берилгени белгилүү болду

Сауд Аравия падышалыгынын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравия чукул маалымат тараткандыктан улам, убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөр башталаарын кабарлайбыз. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.

Ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмеси Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын https://test.okmot.kg/hadj_2021/view/public/talapker.xhtml шилтемеси аркылуу жана катталган аймагындагы операторлор аркылуу биле алышат.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

  1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;
  2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;
  3. Сауд Аравиянын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19 каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru