Ажырашкандардын саны азайды
2019-жылы Кыргызстанда мурдагы жылга караганда ажырашкандардын саны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы ажырашуу тууралуу арыз менен 10 миң 434 жуп кайрылса, 2018-жылы алардын саны 10 миң 995ти түзгөн.
Ажырашуулардын көбү Бишкек шаарында болгон – 2 миңден ашык ажырашуу. Ош, Нарын Талас облустарында ажырашууга арыз берген жуптардын саны 500дөн ашкан эмес. Ысык-Көл жана Баткен облусунда 900 жуп ажырашууну чечкен.